Тараза (топ жылдыз)
Тараза (латынча Libra) – зодиак топ жылдыздарынын бири. Ал Чаян жана Бийкеч топ жылдыздарынын арасында жайгашкан. Таразада кубаттуу галактикадан тышкары PKS 1514–24(N-гaлактика) радио булактары жайгашкан. КМШ өлкөлөрүнүн ортоңку аймагынан топ жылдыз кыштын акырында, жаз жана жай мезгилинин башталышында жакшы көрүнөт. Тараза топ жылдызы күз айларында (31-октябрдан – 22-ноябрга чейин) байкалат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9