Тард Габриэль (1843–1904) – француз социологу, социологиядагы психологиялык багытты жактоочу. Дюргейм менен талаш-тартышка түшүп, социологияны биологиялык-организмдик концепциядан бошотууга аракеттенген. Ошону менен бирге өзү да коомду мээ, клетка менен салыштырып, бир жактуу жөнөкөйлөтүп элестеткен. Ушунун негизинде коом бири-бири менен мурдатадан жыйылган маалыматтар (билим, дин, ишеним, жөн ишенүүлөр, каалоолор ж. б.) аркылуу пикир алышып байланышуучу көптөгөн элементтерден (адамдардан) турган өзгөчө маалыматтык система болот.

Коллективдүү (социалдык) психологиядан турган бул системанын функциясын изилдеп үйрөнүү социологиянын негизги максаты болуп эсептелет. Ал эми кишинин өз ара мамилелешүүсүн социологиянын элементардык фактысы болот, ал эми бул мамилелешүүнүн системасы коомдук турмуштун негизин түзөт. Мамилелешүү системасы (тарбия) аркылуу Адам социалдык психология чөйрөсүнө, маданияттын айрым элементтерине аралашып кирет да, коомдун ажырагыс бөлүгү болуп калат. Адамдын башка адамдардан таасир алып, аларды туурап, жолдоо механизмине өзгөчө маани берген жана ал механизмдин мыйзамдардын изилдеп үйрөнүү коомдук илимдин башкы милдетин түзөт деген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004