Тарих-и Кашгар, «Кашкар тарыхы» –17-кылымдын аягында чагатай тилинде жазылган тарыхый чыгарма. Чыгыш Түркстан, Орто Азия чөлкөмдөрү боюнча маанилүү тарыхый булактардын бири. Автору белгисиз. Чыгармада кыргыздар менен казактардын 17-кылымдын 1-жарымында борбордук бийликке каршы күрөшү, 17-кылымдын башында Борбордук Теңир-Тоодон, Ферганадан, Чыгыш Түркстандын түндүк-чыгышынан кыргыз урууларынын Моголстанга келип кошулуусу тууралуу маалыматтар бар. Ошондой эле кыргыз бектеринин актоолук ходистер менен бирдикте (17-кылымдын 2-жарымы) Жаркен ордосуна каршы Кашкар жаатынын башкы күчүнө айланышы да кеңири баяндалат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.