Тарыхчы Мырза Мухаммад Хайдар тарабынан фарсы тилинде 1541–55-ж. жазылган чыгарма. 14-к-дын ортосунан 16-к-дын 40-ж-на чейинки мезгилдеги Кыргызстан ж-а Чыгыш Түркстан, о. эле Ооганстан ж-а Индия тарыхы камтылган. «Т.-и Р.» эки бөлүктөн (дафтардан) турат. Алгачкы бөлүгү 1544–45- ж. жазылып, Моголстан хандарынын (Чагатай тукумдарынын) таржымалын, б.а. Тоглук-Тимурдан тартып (1347–63), Абд ар-Рашид хан такка отурганга чейинки окуяларды баяндайт. Акыркы бөлүгү автордун жеке эскермелери. Чыгармада 15-к-дын аягы–16-к-дын 1-чейрегиндеги Моголстандын ички ж-а тышкы саясий абалы кыйла толук чагылдырылган ж-а ошол мезгилдеги кыргыздар ж-а кыргыз-могол байланыштары ж-дө маалымат берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)