Тарковский Арсений Александрович

Тарковский Арсений Александрович [12(25). 6. 1907, Елизаветаград (азыркы Кировоград) – 27. 5. 1989, Москва)] – орус совет акыны, котормочу. Орус поэзиясындагы классикалык стилдин жактоочуларынан. Кинорежиссёр А. Тарковскийдин атасы. Кыргыз, түркмөн, каракалпак, грузин ж. б. чыгыш элдеринин поэзиясынын котормочусу катары белгилүү. «Кар жаар алдында» (1962), «Жерге – турмуш-тиричилик» (1966), «Кабарчы» (1969), «Ырлар» (1974) деген лирикалык жыйнактары бар. Тарковскийдин котормосунда «Курманбек» эпосу жана кыргыз поэзиясынын айрым чыгармалары, ошондой эле Кемине, Махтумкули, каракалпактардын «Кырк кызы» ж. б. чыгармалар орус тилинде жарык көргөн. Чыгармалары: Курманбек: Героич. поэма/Пер. А. Тарковского. Ф., 1961; Избранные стихотворения, поэмы, переводы. 1929–79. М., 1982.

Колдонулган адабияттар түзөтүү