Тарых философиясы – объективдүү дүйнө менен тарыхый процесстин маанисин, мыйзам ченемдүүлүктөрүн, негизги багытын, логикалык иреттүүлүгүн аныктап, иликтеген философиялык илимдин бир тармагы. Тарых философиясы төмөнкүдөй негизги маселелерди карайт: дүйнөлүк тарыхый процесс, анын кыймылдаткыч күчү, маанилүү тарыхый окуялар, тарыхтын башталышы, табияттагы адамзат тарыхынын ээлеген орду, цивилизациянын келип чыгышы, азыркы маалыматтык-техникалык доордогу адам жана анын руханий дүйнөсүндөгү өзгөрүү процесстери, адамзат алдындагы экологиялык жана ааламдашуу проблемалары, тарыхтын акыры «бүтүшү» жөнүндө көйгөй, адамзат келечеги ж. б. Тарых философиясында Маркска чейинки концепциялар (терминди Вольтер киргизген) тарыхтын кыймылдаткыч күчү катары кудайдын акыл-эсин (И. Г. Гердер), абстракттуу рухту (Г. Гегель), адамдын өзгөрбөс табияты менен анын табигый шарттарын (агартуучулар, Л. Фейербах) эсептешип, идеалисттик же материалисттик багытта карап, тарыхты таанып-билүүнүн мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү идеяны четке кагышкан. Тарых философиясы негизинен социалдык философия менен тыгыз байланыштуу.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү