Татаал гүлдүүлөр тукуму (лат. Asteraceae, Compositae) – өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын тукуму. Бир, эки же көп жылдык, бадал, бадалча, дарак, липалар суу жана саз өсүмдүктөрү. Жалбырактары ар түркүн формада, сабакка кезектешип, тушташ же тегерек жайгашкан. Топ гүлү – себетче. Себетчесинин сырты бир же бир нече катар түрпүчөдөй, жалбырактай ороочтуу, көп учурда бир нече себетче чогулуп чачыктай, шыпыргыдай, калемчедей, тоголок, чатырчадай, чачыктай, калканчадай, чатырчадай жана башка топ гүлдү түзүшөт. Туура түзүлүштүү гүлүнүн желекчелери түтүкчөдөй, туура эмес түзүлүштүүлөрүнүкү тилчедей же эки эриндүү гүлдөн турат. Көп учурда себетчедеги четки кырка гүлдөрү тилчедей, ал эми ортоңкулары түтүкчөдөй гүлдөн (мисалы, күн карама) турат. Чөйчөкчөсү жок, анын ордуна кылкандай көкүл же кабык сымал тилке өөрчүгөн. Аталыгы 5, энелиги бирөө, ал бир уялуу, астыңкы мөмөлүктүү. Мөмөсү – урукча. Айрым учурда Т. г. бир үйлүү, эки үйлүү, бир жыныстуу, негизинен эки жыныстуу. Жер жүзүндө Арктикадан башка жерлердин бардыгында кездешет. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн эң көп түрү ушул Т. г. тукумуна кирет. Кыргызстанда эң көп түрдү камтыган (580 дөн ашуун) тукум.

Symphyotrichum novi-belgii.

Түндүк жарым шарында формасынын түрүнүн көптүгү боюнча Т. г., биринчи орунда турат. Кыргызстанда 580ден ашык түрлөрү, бардык аймакта – өрөөндөн тартып тоо мөңгүсүнүн этегине чейин таралган. Эки үлүштүүлөрдүн ичинен Т. г. чаңдашууга, таралууга, көбөйүүгө өтө ылайыкташкан. Т. г. май (күн карама), жашылча (шыраалжын, цикорий), тоют (шыбак), дары-дармек (карындыз, өлбөс гүл), каучук (кой текей – тоо сагыз), алынуучу түрлөрү бар, о.эле кооздук (георгин, баркыт гүл, астра, айчык гүл жана башка) үчүн да өстүрүлөт. Айрымдары зыяндуу отоо чөптөр -кекире, сүт тикен, маңкоо жана башка Т. г. тукуму татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн эволюциялык өөрчүшүндөгү эң жашы, акыркы эрада гана өөрчүп калыптанган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү