Таттар (өздөрүн тат, таттар, кавказдык фарсылар, даглилер, лохижихондор деп аташат) – Азербайжан (Кубин, Хачмас, Шабран райондорунда) жана Россияда (Дагстандын түштүгүндө) жашаган иран эли. Саны 28 миң киши, анын ичинде Азербайжанда 25200 (2009), Россияда 1 585 (2010). Тат, азербайжан, дагстан жана орус тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-шииттер жана сунниттер. Таттардын этностук негизин иран тилдүү этностук топ, aнын ичинде азербайжандар түзөт. Таттар – Жакынкы жана Орто Чыгыштын байыркы элдеринин бири, Ирандын түндүк-батышында жана азыркы Азербайжан Республикасынын борбордук жана чыгыш бөлүгүндө жашашат. Дыйканчылык, мал чарбачылык жана кол өнөрчүлүк менен кесиптенишет. Маданияты менен турмуш-тиричилиги азербайжандардыкындай. Аялдардын салттуу кийими – узун көйнөк, чалбар шым, бутуна такасыз, булгаары туфли, эркектери – бели тар, жакасыз, узун, таар чапан, башына бапак кийишет. Таттардын көпчүлүгү шаарларда жашап, өнөр жайларда иштешет. Таттардын маанилүү майрамы – Нооруз.

Колдонулган адабияттар түзөтүү