Татыбекова, Жанетта Саймасаевна

Татыбекова Жанетта Саймасаевна (1928, Бишкек – 2003, ошол эле жер) – тарых илиминин доктору (1969), профессор (1982).

1950-жылы Кыргыз мамлекет педагогикалык институтун бүтүргөн.

Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда кенже, улук илиминин кызматкер, сектор башчысы, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда ректор, профессор, кафедра башчысы.

1993-жылдан И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекет педагогикалык университетинде профессор, кеңешчи болуп иштеген.
Илимий эмгектери негизинен Кыргызстандын тарыхы, аялдар маселесине арналган. 200дөн ашык илиминин эмгектин, анын ичинде 7 монографиянын автору.

Россия педагогикалык жана социалдык ИАнын академиги (1998), Нью-Йорк эл аралык ИАнын академиги (1999).

Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1990), СССР эл агартуу отличниги(1982).

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)


  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кто есть кто в кыргызской науке: Краткий биобиблиогр. справочник докторов наук Кыргызстана / Под ред. акад. У.А.Асанова. — Бишкек: Гл. ред. Кыргызск. энциклопедии, 1997. — 672 с.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү