Тахикардия (грекче tachys – тез жана kardia – жүрөк) – жүрөктүн кагуу ыргагынын тездеши. Ал синустук жана пароксималдык тахикардия болуп айырмаланат. Синустук тахикардияда жүрөк минутасына 90–120 жолу согуп, чөйрөнүн температурасы жогорулаганда, физикалык жана психикалык күч келүүдө, тамак ичкенде ж. б. физиологиялык себептерден, ошондой эле калтыратма, анемия, диффузиялык богок, неврастения ж. б. түрдүү патологиялык абалдан болот. Пароксималдык тахикардия капысынан кармап, невроздордо минутасына жүрөктүн кагышы 180–260, жүрөк ооруларында 140–300гө жетип, баш айланып, ал кетип, өңү кубарып, демигет, жөтөл пайда болот. Жүрөктүн кагуу ыргагынын тездеши миокарддагы жана кан айлануудагы зат алмашууга, жагымсыз таасир тийгизет. Дарылоодо жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушуна (аритмияга) каршы дарылар, жүрөк гликозиддери, электр импульс терапия ж. б. колдонулат.

Колдонулган адабияттарОңдоо