Ташкын жана тартылуу – Айдын жана Күндүн тартылуу күчтөрүнүн натыйжасында океан (деңиз) деңгээлинин мезгилдүү термелүүсү. Сутканын ичинде 12 саат 25 минутага жакын мезгилде океандардын жээктеринде же ачык деңизде суу эки жолу көтөрүлөт (ташкындайт), андан кийин төмөндөйт (тартылат). Айдын тартуу күчү Күндүкүнөн 2,2 эсе чоң болгондуктан, ташкын жана тартылуу процесстери көбүнчө Айга байланыштуу. Ньютон белгилегендей, Жер менен Айдын тартылуусунда Жердин айрым бөлүктөрү күчтүү, ал эми алысыраагы начар тартылат. Жер абсолюттук катуу нерсе болбогондуктан, анын суусу бар бөлүгү жакшы деформацияланат. Натыйжада, Жердин Айды караган бетинде суу ташкын урчугу пайда болот. Жердин перпендикулярдуу 2-диаметринин учтарындагы суунун деңгээли төмөндөп, жээктен тартылат. Ташкын негизинен 3 түргө бөлүнөт: жарым суткалык (суткасына 2 жолу көтөрүлүп, кайра төмөндөйт), аралаш, суткалык. Ташкындын өлчөмү жана мүнөзү деңиздин географиялык абалына, тереңдигине, жээк сызыгынын формасына да байланыштуу болуп, океандын ачык мейкиндигинде суунун деңгээли 1 мге, жээктерге жакын 18 мге чейин (Атлантика океанынын Фанди булуңунда) көтөрүлөт. Ташкын жана тартылуудан, Дүйнөлүк океанда ылдамдыгы 25 см/секга жеткен ташкын агымдары жана суткасына 2 жолу кайталанган ташкын толкундары пайда болот. Ушул эле күчтөрдүн натыйжасында Жер тулкусунун (башкача айтканда Жердин катуу катмарында) деформациясы (жер ташкыны) жана атмосфералык басымдын термелүүсү (атмосфералык ташкыны) байкалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү