Таштан, ташка секирип жүрмөй

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, сай.

Оюнда таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар, оюн өткөрүлүүчү жерге таштарды бир-биринен белгилүү аралыкта коюшуп, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден оюн өткөрүлүүчү жерге коюлган таштардан-таштарга секиришип өтүүгө аракеттенишет. Оюнчулардын аракети 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Таштардан, таштарга секирип, тең салмагын жоготпой белгиленген аралыктан бат өткөн оюнчу оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Дөңгөчтөн-дөңгөчкө секирип өтүү, устундан-устунга секирип өтүү, дубалдан-дубалга, дарактан-даракка секирип өтүү, аттан-атка өтүү, эшектен-эшекке өтүү.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, тең салмагын жоготкондон кийин, аракетин улантууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, тең салмакты сактоого, туруктуулукка, чечкиндүүлүккө, аралыкты туура чамалоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү