Таштуу Тунгуска, Ортоңку Тунгускa – Россия Федерациясынын Краснояр крайындагы дарыя. Енисейдин оң куймасы. Узундугу 1865 км, алабынын аянты 240 миң км2. Ангар токол тоосунан башталып, Орто Сибирь бөксө тоосу аркылуу агат. Жогорку бөлүгүндө Катанга деген ат менен терең өрөөн аркылуу агып, Тэтэренин чатынан өрөөнү кууштайт; нугунда босоголор, сайроондор көп. Негизги куймалары: Камо, Вельмо (сол), Тэтэрэ, Чуня (оң). Орточо чыгымы 1587,1 м3/сек., кар суусунан куралат. Суусу май – июлда кирип, октябрдан майдын ортосуна чейин тоңот. Кээ бир жылдары ташкындайт. Ортонку жана төмөнкү агымында кеме жүрөт. Чатында Орто Сибирь коругу бар. Калктуу пунктары: Ванавара (1146 м; ушул жерди кеме жүрөт, Байкит, Полигус жана бир нече факториялар. 1908-ж. 17 (30)-июнда Ванавара кыштагынан 80 км түндүктө Тунгус метеорити түшкөн.

Таштуу Тунгуска
Мүнөздөмө
Узундугу 1 865 км
бассейндин аянты 240 000 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
ОМСР 17010500112116100033870
Таштуу Тунгуска.

Колдонулган адабияттар түзөтүү