Ташты бийиктикке ыргытуу

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада, талаада өткөрүлөт.

Оюнда чакан таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Диаметри 1 метрдей тегерек сызык сызылат, андан кийин оюнчулар оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат."

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден тегерек сызыктын ичинде турушуп чакан таштарын бийиктикке ыргытышат, Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Чакан ташты бийиктикке ыргыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Тебетейди бийиктикке ыргытуу, таякты бийиктикке ыргытуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, тегерекке жакын турууга, оюндун кезегин жана шартын бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү