Ташты дөңгө көтөрүп чыгып кайра түшүү

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн дөңдө өткөрүлөт.

Оюнда таш колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар, оюнда колдонуучу ташты тандашып алгандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден ташты дөңгө көтөрүшүп чыгышып, кайра дөңдөн түшүрүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Дөңгө ташты көтөрүп бат чыгып кайра түшкөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Шерикти дөңгө көтөрүп чыгып кайра түшүү, малды дөңгө көтөрүп чыгып кайра түшүү.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, белгиленген аралыктан тоолук өтпөй коюуга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Аспаптардын саны кеп болсо, оюнчулар бир убакытта таштарын көтөрүшүп, дөңгө чыгышып кайра түшүшсө да болот.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, чыдамкайлыкка тарбияланат, оордуктарды көтөрүү жана бир жерден экинчи жерге алып барууну үйрөнүшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү