Ташты дөңгө түртүп — тоголотуп чыгуу

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн дөңдө өткөрүлөт.

Оюнда таш колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар таштарды тандашып алышып, оюн башталчу жерде бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар, оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча таштарын дөңгө түртүп—тоголотуп чыгууга аракеттенишет. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Дөңгө ташты бат тоголотуп чыккан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү түзөтүү

Дөңгө дөңгөктү түртүп — тоголотуп чыгуу, дөңгө устунду түртүп — тоголотуп чыгуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, оюндун шартын бузуга жана толук аткарбай коюуга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, чыдамкайлыкка тарбияланат, тырышчаактыкка, коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү