Ташымбетов Бекболот 1951-жылы 26-февралда Көк-Жаңгак шаарында туулган.

  • 1968-жылы Сузак районуна караштуу У. Абдукаимов атындагы орто мектепти, 1973-жылы Фрунзе шаарындагы Дене-тарбия институтун аяктап, эмгек жолун Ф. Э. Дзержинский атындагы сегиз жылдык мектепте дене-тарбия мугалими болуп иштеп баштаган.
  • 1976-жылы Кыргыз ССРнин Ш-Спартакиадасында, тогуз коргоол боюнча жеңүүчү болгонуна байланыштуу, №76 күбөлүк менен “Спорт чебери” наамын алган.
  • 1984-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл агартуу отличниги”, 1997-жылы “Кыргыз Республикасынын Дене тарбия отличниги”, 2003-жылы “Кыргыз Республикасынын Улуттук даражадагы калысы” наамдарынын ээси болгон.
  • 1976-жылдан бери Ош областы боюнча окуучулар арасында жана чоңдор арасында башкы машыктыруучу болуп эмгектенген.
  • Азыркы учурда Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинде, ошону менен катар Жалал-Абад областы боюнча чоңдор арасында, Октябрь спорт мектебинде тогуз коргоол боюнча башкы машыктыруучу болуп эмгектенет.
  • Түштүк Кыргызстанда тогуз коргоол боюнча биринчи жана жалгыз спорт чебери.
  • Бир канча “Ардак грамоталар” жана башка сыйлыктар менен сыйланган.
  • 2014-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда калыстык кылып келген.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3