Таш-Төбө көрүстөнү – Талас өрөөнүнүн Нылды суусунун сол жээгиндеги коло дооруна (болжол менен биздин заманга чейинки 1500–1000-жылдары) таандык көрүстөндөр тобу. Ар бир көрүстөн тоо этегинен алынып келинген таштар менен төрт чарчы түрүндө коргондолуп, бири-бирине улай тизмектешип кетет. Кээ бир коргончолор ортосунан 2–5 бөлүкчөлөргө бөлүнгөн. Казылган 20 көрүстөндүн ичинен 4 адамдын сөөгү жөн, 16сы өрттөлүп көмүлүп, өрттөлгөн сөөктүн калдыктары өтө аз санда кездешет. Мындай ыкма сөөктү алдын ала башка жерде өрттөп, калдыктарын чогултуп, көргө көмгөндүгүн көрсөтөт. 0,30–1,50 м тереңдикте чопо идиштери, күлдүн калдыктары кездешет. Казуу учурунда күмүштөн, жезден жасалган иймек жана шурулар менен 6 билерик табылган. 1200 даана шуру жезден, сурьмадан ж. б. жасалган. Булардан тышкары бетине оюу түшүрүлгөн жез такталар табылган. Таш-Төбө көрүстөнү археолог П. Н. Кожемяко тарабынан 1956-жылы изилденип, Таш-Төбө II эстелиги деп аталган. Ал андрон маданиятынын алгачкы мезгилине, анын көпчүлүгү Түндүк Казакстандан табылган табылгаларга окшоштугу жана сөөгү өрттөлбөгөн көрүстөндөр коло доорунун соңку мезгилине таандык экендиги белгиленген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү