Таш Мияшев
Мияшев, Таш (1931–2007) - акын, жазуучу. Кара-Суу районунун Папан кыштагында 1931-жылы 22-майда туулган. Айылындагы жети жылдык мектепти бүтүп, колхоздо эсептегич болуп иштеген. 1948-жылы Ош шаарындагы орто мектепке кирип, аны 1951-жылы бүтүрөт да, ошол эле жылы облустук «Ленин жолу» гезитине өз кабарчылык кызматка орношкон. 1952–1957-жж. «Большевик» орто мектебинде мугалим, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор, райкомдо инструктор, облустук «Ленин жолу» гезитинде кызматкер, 1959-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун Ош облусу боюнча кеңешчиси, 1962-жылдан «Ленин жолу» гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген. 1967–1969-жж. Москвадагы М.Горький атындагы ада-бият институтунда окуп келип, «Кыргызстан маданияты» гезитинин Ош облусу боюнча өз кабарчысы, 1972–1975-жж. облустук телерадио комитетинин төрагасы болгон. 1967-жылы Ош мамлекеттик пединститутун сырттан окуп бүтүргөн.
1976-жылдан облустук «Ленин жолу» гезитинде адабий кызматкер, 1987-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинин өз кабарчылыгына которулуп, ушул кызматта иштеп жүрүп эс алууга чыккан.
Т.Мияшевдин адабий чыгармачылык жолу 1952-жылдан башталып «Коммунизм семафору» деген алгачкы ыры «Кызыл Кыргызстан» (азыркы «Кыргыз Туусу») гезитине басылган. Ошондон баштап анын ырлары, поэмалары республикалык, облустук гезит-журналдарда жарыяланып келген.
Т.Мияшевдин «Махабат менен коштошуу» аттуу повести экинчи жолу басылып, бул повестин Ош кыргыз драма театры сахналаштырган. Айрым чыгармалары орус тилине которулуп басыл-ган.
Т.Мияшев 1959-жылы Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Үзүрлүү эмгеги үчүн «Эмгектеги каармандыгы үчүн» (1970) медалы менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» (1995) деген ардак наамга татыктуу болгон.
Жарык көргөн китептери
түзөтүүКыргыз тилинде
түзөтүүТуңгуч күү: Ырлар. – Б., 1966. – 152 б.
Таңды тосуу: Ырлар жана поэмалар. – Б., 1967. – 60 б.
Махабат менен коштошуу: Повесть. – Б., 1968. – 68 б.
Комиссар: Даректүү повесть. – Б., 1969. – 100 б.
Керме-Тоо: Ырлар жана поэмалар. – Б., 1971. – 88 б.
Дарыя күүсү: Ырлар жана поэма. – Б., 1980. – 104 б.
Өлбөстүккө таазим: Повесттер. – Б., 1982. – 316 б.
Алтын аймак: Ырлар жана поэма. – Б., 1984. – 72 б.
Аталар жолу: Даректүү повесть. – Б., 1987. – 199 б.
Ак-Буура ыры: Ырлар. – Ош, 1995. – 176 б.
Генерал: Даректүү баян. – Ош, 1998. – 192 б.
Махабат менен коштошуу: Повесть. – Кант, 1993. – 96 б.
Баарыбыздын атабыз: Даректүү повесть. – Ош, 1998. – 200 б.
Сокур аялдын махабаты: Повесть
Махабат менен Коштошуу: Повесть. 2021-ж. Китеп.кг басмасы 160 б.
Орус тилинде
түзөтүүПоклон бессмертию: – Москва, 1987. – 480 с.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- *Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011 ISBN 978-9967-26-379-6