Таш жылдырмай
Шарттары
түзөтүүОюнчулардын саны 2—3 киши.
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда чоң таш колдонулат.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар чоң ташты, оюн өткөрүлүүчү жерге коюшкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар кезектери келгенде, бирден белгиленген убакыттын ичинде, оюн өткөрүлүүчү аралыктан чоң ташты тоголотуп өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Белгиленген убакытта чоң ташты алыстыкка тоголотуп жылдырган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрлөрү
түзөтүүДөңгөч жылдырмай, устун жылдырмай, араба жылдырмай, автомобиль жылдырмай, вагон жылдырмай.
Оюнга методикалык көрсөтмө
түзөтүүОюн өткөрүлүүчү жер тегиз, башка буюмдарсыз болушу керек.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда күч, чыдамкайлыкка, ийилчээктикке тарбиялайт, тырышчаактыкка, коюлган максатка жетүүгө үйрөтөт.