Таш көмүр мезгили (системасы), карбонпалеозой заманындагы геологиялык мезгил; жер кабыгындагы тоо тек катмарларынын палеозой тобундагы бешинчи системасы. Девон мезгилинен (системасынан) кийин, пермь мезгилинен мурда болгон. 1822-жылы англиялык геологдор У. Конибир жана У. Филлипс Улуу Британиянын аймагынан аныкташкан. 1839-жылы Р. Мурчисон жана А. Сежвик өз алдынча система катары бөлүп, Европадагы ага окшош тоо тектердин арасында таш көмүр көп кездешкендиктен аны таш көмүр мезгили (системасы) аташкан. Радиометриялык аныктоолор боюнча 350 млн жыл мурда башталып, 65–75 млн жылга созулган. Таш көмүр мезгилинин бүткүл дүйнөлүк кабыл алынган бирдиктүү бөлүмдөрү жок. Таш көмүр мезгили астыңкы, ортонку жана үстүнкү бөлүктөргө бөлүнөт.

Goodrichthys eskdalensis.

Таш көмүр мезгилинин чөкмө тектери бардык материктерде таралган. Түндүк жарым шардагы платформаларында көбүнчө деңиз чөгүндүлөрү (акиташ, кумдуу чопо, көмүрлүү тоо тек), Түштүк жарым шарда континенттик шартта пайда болгон кесек сыныктуу жана муз чөкмөлөрү өнүккөн. Геосинклиналдарда лава катмары, туфтар, туффиттер, кремнийлүү кесек чөгүндүлөр, флиштер кеңири топтолгон. Геологиялык процесстердин мүнөзү жана палеогеографиялык кырдаалы боюнча бүт Жер шары таш көмүр мезгилинде өнүгүүнүн 2 этапка бөлүнөт. Биринчи этап – алгачкы карбон, экинчи этап ортонку жана соңку карбон мезгилин камтыйт. Алгачкы карбондо ири аймактар бүктөлүүлөргө дуушарланып, трангрессия процесси жүрүп, Европаны, Азиянын жана Түндүк Американын көп бөлүгүн, Түштүк Американын батыш четин, Түндүк-Батыш Африканы, Австралиянын чыгыш бөлүгүн деңиз суулары каптайт. Көптөгөн майда аралдар пайда болот. Бирден бир кургак массив Гондвана гана болгон. Карбондун ортосунда деңиз суулары тартыла баштайт. Батыш Европа, Батыш Сибирь түздүгү, Казакстан, Ортонку Сибир ж. б. жерлер көтөрүүлөргө дуушарланып, кургактыкка айланат. Карбондун 2-жарымында герцин орогенезинен (Теңир-Тоо, Казакстан, Урал, Европанын түндүк-батыш бөлүгү, Чыгыш Азия, Түн Америка) тоо кыркалары пайда боло баштап, геосинклиналь бүктөлүштөрүн интрузия жана жанар тоо тектери жиреп чыккан. Таш көмүр мезгилинде жалпысынан нымдуу климат өкүм сүрүп, тропиктик, субтропиктик жана мелүүн алкактар калыптанып, токой менен саздардын пайда болушуна шарт түзүлгөн. Өсүмдүктөрдөн плаун түрүндөгүлөр, жылаңач уруктуулар, папоротниктер, хвощтор, дөңсөөлөрдө ийне жалбырактуулар кеңири тараган. Саздуу өрөөндөр, жашыл токойлор материктердин көпчүлүк бөлүгүн ээлеген. Таш көмүр мезгилинде жаныбарлар арасында орчундуу өзгөрүүлөр болуп, девон мезгилиндегилердин көбү дээрлик тукум курут болгон. Алардын ордуна жаныбарлардын жаңы түрлөрү келип чыккан. Фраминиферлер, мшанкалар, брахиоподдор, көңдөй ичегүүлөр кеңири таралган. Кургактарда стегоцефалдар, сойлоочулар, жөргөмүштөр, канатынын узундугу 50–70 смге жеткен гигант ийнеликтер пайда боло баштаган. Деңиздерде балыктар, үлүлдөр, кораллдар кеңири таралган. Караганда, Экибастуз, Минуса, Донбасс, Кузнецск, Тува ж. б. ойдуңдарда калыңдыгы 4–5 кмге жеткен көмүрлүү катмарлар, кээ бир (Урал-Волга областында, Днепр-Дон чуңкурдугунда) жерлерде нефть менен газдын ири жана темир, алюминий, жез, марганец, алтын, күмүш, платина, цинк, кобальт, вольфрам ж. б. кендери пайда болгон. Кыргызстанда таш көмүр мезгилинин тоо тек кабаттары (Кабак, Таш-Көмүр ж. б.) кеңири тараган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү