Таяктар менен түртүнүп секирип жүрүү

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны: 3—5 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча.

Оюнда колдонуучу буюмдар. Таяктар.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар колдоруна экиден таяктарды алышып, бир катар болуп турушуп, оюн өткөрүлүүчү аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнга катышуучулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар колдорундагы таяктары менен түртүнүшүп секиришип белгиленген аралыктан өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Марага биринчи келген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Буйруктан мурда аракетти баштоого, таяктар менен түртүнбөй басып жүрүүгө, таяксыз оюнга катышууга, бир-бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчектик тарбияланат чыдамкайлыкка, максатка ынтылууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү