Таякты алыстыкка ыргытуу

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 5—8 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар таяктарын алышып, бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден таяк ыргытчу жерге чыгышып, өтөөлдө бир аз күүлөнүшүп жүгүрүшүп, таякты алыстыкка ыргытышат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат.

Оюндун башка түрү түзөтүү

Казыкты алыстыкка ыргытуу, таякты бийикке ыргытуу, казыкты бийиктикке ыргытуу, баканды алыстыкка ыргытуу, уукту алыстыкка ыргытуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, талаада турууга, оюндун шартын бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, күчтү чактоого, ыргытуунун ыкмаларын кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү