Таякты кол жана бут менен кармап туруу

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар тегерек болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирде таякты тикесинен коюшуп, колдору жана буттары менен кармашып, жерге тийбестен, тең салмактарын сакташып, көпкө чейин турууга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат, Таякты колдору жана буттары менен кармашып, тең салмагын жоготпой көпкө чейин турган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, жерге таянууга, тең калмагын жоготкондон кййин, кайрадан оюнду кезексиз улантууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Таяк тегиз, бутаксыз болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Огунда күч, ийилчектикке тарбияланат, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү