Таяк менен тегеректен чүкөлөрдү уруп чыгаруу

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар, ашыктар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Диаметри 1—2 метрдей тегерек сызылат, тегеректин ортосуна оюнчулар бирден Чүкөлөрүн бир катар кылып тизишет, тегеректен 4—5 м. аралыкка таяк ыргытчу сызык сызылат. Андан кийин оюнчулар, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден сызыкта турушуп, таяктарын ыргытышып, тегеректин ортосундагы чүкөлөрдү урушуп, тегеректен чыгарууга аракеттенишет. Эгерде кезектеги оюнчу, чүкөнү тегеректен уруп чыгарса, чыгарган чүкөнү утуп алып оюнду, кайрадан жаңылгыча улантат. Эгерде жаңылып калса же таяк ашыктарга тийбесе же чүкөлөр жана ыргытылган таяк тегеректен сырткары чыкпаса, оюндун кезеги кезектеги оюнчуга өтөт. Тегеректеги чүкөлөрдүн бардыгы урулуп чыгарылса, оюнчулар кайрадан бирден чүкөлөрдү чогултушуп, оюнду кайрадан башташат. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тегеректен көп чүкөлөрдү уруп чыгарып утуп алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Таяк менен таякчаларды уруп тегеректен чыгаруу, таш менен таштарды тегеректен уруп чыгаруу, узун камчы менен таштарды тегеректен уруп чыгаруу, узун камчы менен таякчаларды тегеректен уруп чыгаруу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, тегеректе турууга, оюндун шартын бузууга болбойт.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, мээлерге, чамалоого, кыймылдарды так аткарууга, ыргытуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү