Таяк менен түртүнүп бийиктиктен секирип өтүү
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 3—8 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, стадион.
Оюнда таяктар колдонулат.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар тоскоолдукту тургузгандан кийин, оюндун шарты менен кезеги жөнүндө сүйлөшүп алынат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар кезектери келгенде, бирден таяктын бир учунан сол колдору менен анын үстүнөн, оң колдору менен астынан кармашып, бир аз күүлөнүп жүгүрүшүп келишип таяктын экинчи учун. жерге сайышып, түртүнүшүп тоскоолдуктан секирип өтүүгө аракеттенишет. Тоскоолдуктан секирип өтө албай калган оюнчулар, оюндан чыгышып, оюндун өткөрүлүшүнө жардам беришет. Тоскоолдук« тан ийгиликтүү өткөн оюнчулар үчүн тоскоолдуктун бийиктиги дагы көтөрүлөт. Оюн, оюндун жеңүүчүсүн аныктагыча өткөрүлөт. Таяк менен түртүнүп бийик* тикке секирген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси
түзөтүүОюнда бир бирине тоскоолдук кылууга секирип түшчү жерде жана жерге жакын турууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө
түзөтүүСекирип түшчү жер жумшак жана башка буюмдарсыз болушу керек.
Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ылдамдык, ийилчектик, шамдагайлык тарбияланат, чечкиндүүлүккө, тоскоолдуктардан секирип өтүүгө үйрөтөт.