Таяк менен түртүнүп секирип жүрүү

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 6—10 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таяктар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар таяктарын алышып, бир катар болуп турушуп оюн өткөрүлүүчү аралык, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун буйругу түзөтүү

Оюнга катышуучулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар таяктары менен түртүнүшүп секиришип белгиленген аралыктан бат өтүүгө аракеттенишет, Оюн 3—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Белгиленген аралыктан таяк менен бат секирип өткөн оюнчу оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Кадамдап басууга, буйруктан мурда аракетти баштоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, аралыкты толук өтпөй коюуга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюнга катышуучулардын саны көп болсо, аларды топтопторго бөлүп өткөрсө болот. Оюнчулар бир-бирине жакын турбашы керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч, ийилчектик, шамдагайлык тарбияланат, таяк менен түртүнүп секирүүгө, максатка ынтылууга, тартипти сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү