Таңгак жүктөгүч – таңгакталган чөптү же саманды жерден алып, платформага тизип, аны тизилген бойдон үймөктөлүүчү жерге жеткирүүчү машина. Өнөр жайда чыгарылуучу ГУТ-2,5 (ГУТ 2,5А) таңгак жүктөгүчтүн негизги тетиктери 6 рама, жерден көтөргүч механизм, таңгак кабыл алгыч, көтөргүч жана жыйнагыч платформа, түрткүч механизм жана гидроцилиндр. Таңгак жүктөгүч тракторго чиркелет, трактордун кубат берүүчү валынан жана гидросистемасынан кыймылга келтирилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү