"Таң алдында" (англ. Before Sunrise, орус. Перед рассветом) - 1995-жылы Ричард Линклейтер тарткан америкалык романтикалык драма. Сценарийин Линклейтер жана Ким Кризан жазган. Тасмада жаш америкалык жигит Жесси (Итан Хоук) жана жаш француз кыз Селин (Жули Делпи) поездде жолугуп таанышып калышат да, Венадан түшүп калышып, бири-бири менен таанышканча түнү менен шаар кыдырып чыгышат.

Таң алдында (тасма)
Режиссеру Ричард Линклейтер
Продюсер Энн Уолкер Макбей
Жазуучу Ричард Линклейтер
Ким Кризан
Оператору Ли Дэниелс
Тартылгандар
Музыкасы Фред Фрит[1]
Редактору Сандра Адер
Студия Castle Rock Entertainment
Жайылтуучу Columbia Pictures
Чыккан жылы
  • январь 27, 1995 (1995-01-27)
Узактыгы 101 мүн.[2]
Өлкөсү  АКШ
 Австрия
 Швейцария
Тили Англис
Немис
Француз
Бюджети $2.5 млн[3]
Киреше $5.5 млн[3]

Окуя эки каармандын сүйлөшүп чогуу басканын, жашоого жана сүйүүгө болгон көз карашын сүрөттөйт. Жесси романтик болгону менен романтика, сүйүүгө ишенбегендей түр көргөзөт. Селин бираз күмөн ойлору болгону менен романтик кыз. Кыска убакыт бири-бирин таануу менен чогуу өткөргөн түн экөөнүн тең эсинде калат.

"Таң алдында" киносынчылардын жалаң оң маанайдагы пикирине ээ болот. Жесси менен Селин 2001-жылы Линклэйтердин "Түштөгү жашоо" тасмасына чогуу тартылышкан. "Таң алдында" тасмасынын уландысы катары 9 жылдан кийин "Күн батаар алдында" тасмасы тартылган. Ал эми ушул эле каармандардын жашоосунун уландысы 18 жылдан кийин "Түн алдында" тасмасында тартылган.

Сюжет түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. Before Sunrise: Production Credits. New York Times (2010). Текшерилген күнү 5 -июнь (кулжа) 2013. Түп булактан архивделген күнү 20 -июнь (кулжа) 2013.
  2. BEFORE SUNRISE (15). British Board of Film Classification (March 10, 1995). Текшерилген күнү 25 Апрель 2013.
  3. 3.0 3.1 Before Sunrise. Box Office Mojo. Текшерилген күнү 11 -февраль (бирдин айы) 2009. Түп булактан архивделген күнү 3 -март (жалган куран) 2009.