Тебетейди бийиктикке ыргытып кол чабуу

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада, сахнада өткөрүлөт»

Оюнда тебетейлер колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар диаметри 2—3 метрдей келген тегерек сызышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар кезектери келгенде, бирден тебетейлерин колдоруна алышып, тегеректе турушуп, бийиктикке ыргытышып кол чабышып кайра жерге түшүрбөй тутуп алууга аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат, Тебетейди бийиктикке ыргытып көп жолу кол чабып кайрадан жерге тутуп алган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрлөрү түзөтүү

Тебетейди ыргытып тегеренүү, топту бийиктикке ыргытып кол чабуу, тебетейди бийиктикке ыргытып жерден буюм алуу, топту бийиктикке ыргытып жерден буюм алуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бири бирине жакындоого, турууга, тоскоолдук кылууга, оюндун шартын бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Тебетейди бийик ыргытуу жөнүндө макулдашып алуу керек.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, тартипти сактоого үйрөтөт.


Колдонулган адабияттар түзөтүү