Башбаракты ачуу

Тебриз базары بازار تبریزОңдоо

Тебриз базары Иран мамлекетинин Тебриз шаарында жайгашкан Иран жана Азия аймагындагы эң чоң жана маанилүү үстү жабык базар болуп саналат. Базардын аянты 1 чарчы км. камтып, дүйнөдөгү эң чоң үстү жабык базары болуп эсептелет. Тебриз базары 2010-жылдын август айында ЮНЕСКО бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине катталган. Бул базарда бир канча базарчалар, коридорлор, сарайлар, караван сарайлар, кичи караван сарайлар бар. Байыртадан Тебриз базары Жибек жолу кесилишкен бөлүктө жайгашкандыктан, Азия, Африка жана Европа өлкөлөрүнөн күнүнө миңдеген каравандар өткөн, ошондуктан базар жана анын арты менен Тебриз шаары гүлдөп өнүккөн. Бул базар болжол менен III кылым мурда, 1814-жылдагы тарыхый Тебриз жер титирөөсүнөн кийин Нажафкули Данбули Табриздин ошол замандагы өкүмзары тарабынан кайра курулган. Тебриз базары 1975-жылы Иран улуттук эстеликтер тизмегине катталган. Курулуштун тарыхы тууралуу толук маалымат калган эмес; бирок Кажар доорунда Тебриз базарына сапар кылган саякатчылар ал тууралуу ар кандай маалыматтарды калтырып кетишкен. Ибн Батуте, Марко Поло, Жексон, Аулио Чалби, Якут ал Хамави, Гаспар Дарувил, Алексис Суктиков, Жан Шарден, Эжен Фландан, Жан Карт Райт, Жамли Карди, Клавиху, Роберт Грант Ватсан, Хамдулах Мастуфи жана Макдаси сыяктуу атактуу саякатчылар Тебриз базарынын эбегейсиз зор экенин эскеришкен. Бул базарда 5500 чатыр, дүкөн жана соода сатык мекемелери, 40 ашуун адистиктин түрү, 35 сарай, 25 сарайча, 30 мечит, 20 катар базар, 11 катар, 5 мончо, 12 мектептин баары биригип Ирандын жана Тебриздин соода сатык борбору болуп саналат.

ИшкердикОңдоо

Тебриз шаары Улуу Жибек жолу өткөн жерде орун алган. XIII-кылымдын экинчи жарымынан баштап Англис соодагерлери Жибек жолу аркылуу, Станбул жана Трабзон шаарларын аралап азык түлүк, буюмдарын Тебриз шаарына алып келишкен. Бул базар Аббас Мырза убагында Англис соода сатык борборуна айланган. XIII-кылымдан соң Тебриз аймагы Европа соода сатыгынын түндүк Иран менен болгон негизги борбору болуп эсептелген; 1877-жылдары өлкөнүн соода сатык байланышынын 25-33 пайызын түзгөндүктөн Тегеран шаарынан озуп, алдынкы орунда турган. Ошондой эле 1906-жылга чейин Тебриз шаары Иран менен Орто Азиянын негизги соода сатык борбору болуп эсептелген. Европалыктар күзгүлөрдү, жибек кездеме түрлөрүн, бархат, жип, пахта, шекер, айнек идиштер, металл, кант жана башка буюмдарды Тебризге алып келишчү. Ал эми, Тебриз соодагерлери Европалыктарга жибек, жибек килемчелер, курал жарак, тамеки, кургатылган жемиштер, боектор, жоолук жана башка бумдарды сатышкан. Албетте бул соода сатыктар ар дайым Европалыктардын пайдасы менен аяктап турган. Мурда тебриз базарынын негизи жана башкы элементи болуп армяндар эсептелген. Француз саякатчыларынын бири алардын өзгөчө жана жакшы дүкөндөрүнүн ордун Орус соодагерлери менен иштешип жүрүп баамдаган. Армяндар Европалыктар менен жакшы соода сатык иштерин жүргүзгөн. Грузия армяндары алгачкылардан болуп англис буюмдарын Станбулдан сатып алып Ирандын түндүк тарабы аркылуу киргизишкен. Франция консулдугу 1906-жылы Тебриздеги армяндардын саны болжолдуу 5000 адам деп эсептешкен. Ал эми 1863-жылы Орусияга көчүп кеткен армяндар бул шаарга кайтып келишкен, андан соң жыл сайын армяндардын саны көбөйө баштаган.

Базар жайгашкан жерОңдоо

Тебриз шаарынын борбордук бөлүгү төрт бурчтуу түрдө орун алган, ал эми Тебриз базары ошол төрт бурчтуу жердин борборунда жайгашкан. Бул базар чыгыш тараптан Аликапуга (чептердин тобу) жана батыш тараптан Жаме мечитине чейин созулган, ал эми түндүктөн, базардын түндүк тарабындагы кээ бир бөлүктөрү Мехранруд дарыясын камтып жана дарыянын эки тарабындагы базар бири бирине көпүрө аркылуу байланышкан. Мехранруд дарыясы байыркы Тебриз базарын эки бөлүкө бөлөт. Базардын түндүк тарабы комплекстен бөлүнүп калгандыгы, соода сатыктын жүрүшү жана көчөдөгү ишмердиктен улам, акырындык менен өзүнүн маанилүүлүгүн жоготуп койгон. Базардын басымдуу бөлүгү Мехранруд дарыясынын түштүк тарабы (Чай аянты) Дараи, Шухада, Фирдоуси, Шахид Муттахари, Чай кенар жана Жомхури-е Эслами көчөлөрүнүн аралыгында орун алган. Дараи, Хакани, Артеш шумали, Фирдоуси, Шухада жана Жомхури-е Эслами көчөлөрүндөгү оңдоо иштери базардын бир бөлүгүнүн талкаланышына алып келген жана базардын башка бир бөлүгүн толук комплекстен бөлүнүшүнө душар кылган. Базар ичиндеги жолдордун туурасы 4-5 метр, ал эми чатырынын бийиктиги 5-6 метрди түзөт, чатырлардын бийиктиги Ирандын тропикалык базарларына салыштырмалуу жапызыраак. Тебриз базарынын алгачкы картасы 1948-жылы Асадулла хан Мароге тарабынан түшүрүлгөн. Аталган карта базардын түндүк чыгыш тарабына илинген жана базардын караван сарай, тимчелер сыяктанган маанилүү бөлүктөрүнүн аттары картага түшүрүлгөн.

ӨзгөчөлүктөрОңдоо

Тимчелердин жана сарайлардын көбүнчөсү үч кабаттуу жайгашат, алардын алдынкы кабатында буюмдарды сактоочу бөлмөлөр, экинчи кабаты соодакана, иш орду, ал эми үчүнчү кабат эс алууга ылайыкташтырылып салынган. Негизги катарлар жардамчы катарлар менен биригет жана алардын ортосунда тимчелер жана сарайлар курулган. Катарлардын кесилиши, үч тараптуу же төрт тараптуу кесилиштердин чатыры күмбөздүн чатыры сымал салынган, базардын эң бийик күмбөз сымал чатыры Амир тимче чатыры, ал эми эң кооз архитектуралык курулуш болуп Музафария тимчеси саналат.

Катарлуу базарларОңдоо

Тебриздин катарлуу жана чоң базарлары кире бериш эшиги жок коомдук үстү жабык жайлар деп аталат жана базардын негизги жайы катары маалым. Тебриз базарынын негизги катарлуу базарлары төмөнкүлөр: жаңы катарлуу базар, эски катарлуу базар, бут кийим базары, сафи базары, жаме мечит базары, кызбасты базары, буракчы базары, садекия базары, яманидуз базары, серажан, пахтачы базары, абулхасан базары, айнеккана, арткы амир базары, чоң аял базары, кичине аял базары, давачи базары, түстүү көчө базары жана корей камыш базары. Айрым базарлар тимче жана базар деп да аталып, эшик дарбазасы салынып, ал дарбазага ат коюлган.

ТимчелерОңдоо

Тимче деп чатыры күмбөздүкүндөй жабылган, кыш менен курулган, жеңил архитектуралык курулушту атайт. Тимчелердин чоң жана бекем курулган кире бериш эшиги бар, алар күндүзү ачык, ал эми түштөн кийин жабык болот. Ар бир тимченин күзөтчүсү бар, аларды “Удабашы” же сарайчы деп аташат. Тимчелер негизги төрт бөлүкө бөлүнөт. Тимчелердин коомдук бөлүгүндө буюмдар коюлат, жер төлөөдө соода сатык буюмдары сакталат, ал эми үстүнкү кабатта коомдук жана соода сатык кылчу жай. Тимченин жогорку кабатында атайын эс алууга ылайыкташкан бөлмөлөр салынган, байыркы заманда Тебризге сырттан келген соодагерлер ал жерде эс алып конуп кетишчү. Тебриз базарынын атактуу тимчелери төмөнкүлөр: Амир тимчеси, Музафария тимчеси, Шейх Казем тимчеси, Үч тимче (Хаж шейх тимчеси), Хажы Мухаммадкули тимчеси, Мир Абулхасан тимчеси, Шарбафан тимчеси, Абачи тимчеси, Кант сатуучулар тимчеси, Хажи Сафар Али тимчеси, Шазда тимчеси, Аббаси тимчеси, Бархат сатуучулар тимчеси, Малек тимчеси, Хан тимчеси, Садекия тимчеси ж.б.

Караван сарайларОңдоо

Байыркы мезгилде караван сарайларда караван ээлери өзүлөрүнүн төөгө атка жүктөлгөн буюмдарын чечип караван сарайдын ичине коюшкан. Караван сарайдын тегерегинде бөлмөлөр, чатырлар жана көптөгөн жүк сактоочу жайлар болгон. Караван сарайлардын короосу жашыл өсүмдүк жана дарактарга жыш келген, ортосунда көлчө, андан таза суу агып турган, караван сарайлардагы базардын бакчасы таза аба менен дем алчу жайы катары колдонулган. Тебриз базарынын атактуу караван сарайлары катары төмөнкүлөрдү атасак болот: Чоң Амир караван сарайы, Хаж Сейид Хусейн караван сарайы, Абул Хасан караван сарайы, Кишмишчилер караван сарайы, Хаж Мирза Мухаммад караван сарай.

СарайларОңдоо

Амир сарайы Тебриз базарынын сарайлары кичинекей бөлүктөргө бөлүнгөн ачык короолорго бөлүнөт. Тебриз базарынын атактуу сарайлары төмөнкүлөр: Гаржылар сарайы, Хаж русал сарайы, Мирза мехди сарайы, Эки эшик сарайы, Хан сарайы, Хаж Мухаммадкали сарайы, Мирза Жалил сарайы, Бут кийимчилер сарайындагы немистер сарайы, Амир сарайы, Үмүт сарайы, Хаж Таки сарайы, Аббаси эшиги сарайы жана Көчөчүлөр сарайы.

ДолондорОңдоо

Ар бир сарайлар, тимчелер жана караван сарайлар долондор аркылуу базардын негизги бөлүгүнө жол чыгат жана долондордун таанылышы тимчелерге, сарайларга тиешелүү, ал эми алардын атактуулары төмөнкүлөр: Кандуу долон, Хаж рахим долону, Мирза Мухаммад долону, эки эшик долону, Мирза Махди долону жана Шарбафан долону.

Медреселер жана мечиттерОңдоо

Тебриз базарынын ичинде болжолдуу 12 ашуун дин жана ислам илиминин медреселери бар, алардын ичинде, Талебия, Садекия, Жафария, Акбария, Хаж Сафар Али медресеси жана 30га жакын мозаика жана таш колонналар менен тургузулган тарыхый мечиттер бар, алардын ичинен эң атактуулары болуп төмөнкүлөр аталат: Жаме мечити, Хужатул Ислам мечити, Хале уулу мечити, Динури мечити, Мафид Ага мечити, Мирза Юсуф Ага мечити, Күмбөз мечити, Мужтахед мечити, Жетимиш устун мечити, Аятуллах Шахиди мечити, Мавляна мечити, Булгаары кана мечити, Хаж Сафар Али мечити, Шамаал мечити, Жарык мечити, Садекия мечити ж.б.

МончолорОңдоо

Тебриз базарындагы байыркы жана тарыхый мончолор архитектуралык тарыхы, түрү жана системасы менен маанилүү болуп эсептелет. Тебриз базарынын байыркы мончолору төмөнкүлөр: Хан мончосу, Мырза Хасан Кара мончосу, Казы мончосу, Мырза Махди мончосу, Сейид Гулаби мончосу, Нубар мончосу ж.б.

БазарчаларОңдоо

Амир базарыОңдоо

Негизги жазылышы: Амир тимчеси Амир базары Тебриз базарларынын ичинен эң маанилүү жана абдан өнүккөн базары болуп эсептелет. Мырза Мухаммад хан Амирнезам, Сулайман шах вазири шейх Али хандын баласы жана Мирахур шейх Сефи ад Дин Ардебилинин небереси бул базарды курган. Ал Аббас Мирзаи Султан орун басарынын доорунда ага жардам берүү үчүн Тебризге келген.

Хрусталь сатуу базарОңдоо

Хрусталь сатуучу базар же кызбасты байыркы мезгилде айнек буюмдарын алардын ичинен хрусталь идиштерин сатуучу базар болгон. Төмөндөгү тимчелер жана сарайлар алардын ичине кирет: Кант сатуучулар тимчеси, Музафария тимчеси, Бадамчылар долону, Хаж шейх долону, Мырза Мухаммад долону, Мырза Мухаммад сарайы, Гуржилар сарайы.

Харам базарыОңдоо

Негизги жазылышы: Харам кана көчөсү Базардын тимчелеринен жана сарайларынан төмөндөгү харамканаларын ишара кылсак болот: Садия тимчеси, Хашемия тимчеси, Немистер сарайы, Сот ээси сарайы.

Идиш аяк базарыОңдоо

Идиш аяк базары байыркы заманда ар түрлүү айнек буюмдарынын жайы жана дүкөндөрдүн көбүндө айнек буюмдарын жасоо менен алектенишкен. Бул базар төмөндөгү эки сарайдан түзүлгөн: Хаж Расул жана Мырза Али Наки, ал эми Тебриз шаарынын башчысы бул эки сарайды бузуп ордуна базар жана Шамс паркын курган. Азыркы учурда идиш аяк базарынын ордуна косметика жана башка шаймандарды сатуу жерине айланган.

Садекия базарыОңдоо

Садекия базары Тебриз шаарынын колго токулган килемдерин сатуу базары болгон. Бул базардын атактуу тимчелери жана сарайлары төмөнкүлөр: Хаж Рахим тимчеси, Кандуу долон, Чоң Шахзаада сарайы, булгаары сарайы, эки эшик сарайы, Байыркы Сейид Хасан сарайы, Кичи Шахзаада сарайы, Ортоңку жана Сейид Хусейн сарайы.

Абачи базарыОңдоо

Ахлак тимчеси, Хусейни тимчеси, Шарбаган тимчеси жана Мир Исмаил сарайы Абачи базарынын маанилүү сарайлары жана тимчелери болуп эсептелет.

Тебриз килем базарыОңдоо

Негизги жазылыш: Тебриз килем базары Тебриз килем базары Музафария базары аты менен таанымал жана Тебриз шаарынын эң диний тарыхый аймагы болуп саналат. Бул базар байыркы мезгилден бери килемдерди сатуу жана токуу аймагы болгон жана азыркы маалда да аталган иштерди кылышат. Бул базар Музафар ад Дин шах доорунда курулган жана базардын аты да аны салган Кажар шахынын ысымынан коюлган.

Бут кийим базарыОңдоо

Бут кийим базары Тебриздин бут кийим өндүрүү жайы болуп саналат. Бул базардын тимчелеринде жана сарайларында ар түрлүү бут кийимдерди токуп, өндүрүшөт. Бут кийим базарынын тимчелери жана сарайлары төмөнкүлөр: Үмүт тимчеси, Хаж Абул Касем тимчеси, Үмүт сарайы жана Хаж Абул Касем сарайы.

Йемен токуу базарыОңдоо

Байыркы заманда Йемен токуу базарында бут кийимдердин Йемен түрүн өндүрүшкөн. Бул базарда төмөндөгү тимчелер жана сарайлар бар: Шафи тимчеси, Ага сарайы, Шахзада тимчеси.

Катарлуу базарОңдоо

Катарлуу базар Тебриз базарынын эң чоң базарчаларынын бири болуп саналат. Бул базарда көптөгөн тимче жана сарайлар орун алган. Бул базарчаны улуттук базар деп да атап коюшат. Базарчада төмөндөгү тимчелер жана сарайлар орун алган: Хаж Таки тимчеси, Хаж шейх тимчеси, Хаж Сафар Али тимчеси, Хаж Мухаммад Али тимчеси, Эки эшик тимчеси, Кандуу долон, Хаж Мухаммад Кули сарайы, Аббаси сарайы, эки эшик сарайы, Шейх Казем сарайы, Көчөчүлөр сарайы, Гарчилер сарайы, Мирза Махди сарайы, Хаж Сейид Хусейин ортоңку сарайы, Мирза Жалил сарайы жана Жаңы Хаж Сейид Хусейин сарайы.

Базардын жерлеринин аталышыОңдоо

Тебриз базарынын тимчелеринин, долондорунун, караван сарайларынын аталышы аны курган адамдын, кандайдыр бир тарыхый окуя болгондугуна, аталган жайда кандайдыр бир буюмдун же азык түлүктүн сатылгандыгына жараша ат коюлган. Мисал катары Садикия базары Садр ад Дин Мухаммаддын баласы Мырза Садык хан тарабынан 1689-жылы мечит жана медресе кургандыгына байланыштуу базар анын атынан аталып калган. Чоң амир тимчеси, базары жана караван сарайы тебриз базарынын эң негизги жана баалу бөлүгү болуп саналат, ал эми азыркы учурда дүң соода сатык, килем жана колго жасалган буюмдарды экспортоо, алтын, зергер жана текстил өнөр жайынын борбору болуп эсептелет, базар 1876-жылы Мырза Мухаммад Амир Незам Зангане тарабынан курулган. Тебриз базарынын атактуу бөлүгүнүн бири болуп аталган Музафария тимчеси Кажарлык Музафар ад Дин Мирзаинин доорунда 1926-жылы курулган, ал эми анын куруучусу шейх Мухаммад Жафар Казвини Тебриз шаарынын атактуу жана чоң соодагери болуп эсептелген. Бул тимче азыркы учурда дүң соода сатык, ошондой эле Иран жана Азербайжан килемдерин бүткүл дүйнөгө экспорт кылуу борбору катары таанымал. Хан долону жана тимчеси Ахмад Хан Мукадам Мараге тарабынан курулган, базар килем соода сатыгы жана аны экспортто борбору болуп саналат. Немис сарайы Германиялык килем токуу ишканасы аркылуу курулган. Бул сарай бут кийимчилер базарында жайгашкан. Аталган Германиялык ишканалар биринчи дүйнөлүк согуш заманында соодасы токтогондуктан болуп жабылган. Сот ээси сарайын Фатх Али хан Шираз сотунун ээси Кажар доорунда курган. Хаж Шейх долонун жана үч тимчесин Музафариянын куруучусу шейх Мухаммад Жафар Казвини салган, азыркы учурда Азербайжан текстилин дүң сатуу борбору катары эсептелет. Грузиндер сарайы армян жана грузин соодагерлерине тиешелүү, бул сарайда орус буюмдарын сатышкан. Сефи базары Аббас Сефевид шахтын баласы Сефи шахтын атынан коюлган. Ортоңку, жаңы жана эски Хаж Сейид Хусейин караван сарайы атактуу соодагер Хаж Сейид Хусейин Хусейни тарабынан курулган. Хаж Мирза Абулхасан Тебриз базарындагы баардык Мирза Абулхасан тимче, базар, сарайларын курган. Тебриз базарында жайгашкан Мирза Махди тимчеси жана сарайы Мирза Сейидмахди Казы Табатабаинин тарыхый эстелиги болуп саналат. Мирза Шафи сарайы жана тимчеси Кажар дооруна таандык Тебриз шаарынын улууларынын бири аркылуу курулган. Аббас Мирза Наиб Султания шахзааданын буйругу менен Шазда тимчеси жана сарайы 1861-жылы курулган. Харам базары Шамс ал Имара имаратына же Аликапу аймагына жакын орун алгандыгы анын атактуу болушунун негизги себеби. Тебриз базарларынын көбүнчөсү анда чыгарылган, өндүрүлгөн же сатылган буюмдардын атынан коюлган, мисал катары идиш аяк базары, анда ат түрлүү айнектен жана хрусталдан жасалган буюмдар, бут кийим базары, колго жасалган бут кийимдин борбору, андан сырткары жез базары, бут кийим тигүүчүлөр базары, күзгү жасоочулар базары, зергерлер базары, атыр базары ж.б., кант сатуучулар базары, атайын Орусиядан импорт кылынган канттарды сатуу жайы, бадамчылар базары, кургатылган жер жемишти сатуу жана экспортто борбору, кишмишчилер базары, кишмишти Ирандан сыртка экспортто жайы, кагазчылар базары ж.б.у.с. Азыркы учурда аталган борборлордун жана адистиктердин көбү сакталып калган эмес, бир гана алардын аттары Тебриз базарынын дубалдарында жазылган боюнча сакталып калган. Жогорку ишкердиктердин көбүнчөсү өз заманында колдонулуп, доор алмашкан, өнүгүп өскөн сайын өзгөрүүлөргө дуушар болгон. Дүң бойдон сатуу азыркы учурда чекене сатууга алмашылды. Жез иштетүү, калайчы, ат жабдыгын жасоо, баш кийим тигүү базарларынын ордуна башка ишмердиктер аткарылып, өз атына жарашкан буюмдар сатылбай, байыркы доордогу базардын жалгыз гана аты сакталып калган. Азыркы учурда, базардын айланасы чоң чоң соода сатык түйүндөрү, супер маркеттерге айланган. Ошентип, жашоо өзгөргөн сайын заман талабына жооп берээрлик курулуштар курулууда.

Кандуу долонОңдоо

Бул долондун кандуу долон деп аталып калышы төмөндөгүчө болгон: 1884-жылы аймактын баатырларынын жана соодагерлеринин бири болгон Хаж Аллаярга «Даруге же шаар милиция башчысы хаж Ражабали Хан Даругенин кайсыл бир коноктон «Тебриздиктердин айынан биздин ардак, сыйыбыз кетти»» деген кабар жетет. Хаж Аллаяр мындай сөздү уккандан соң 27 адам ээрчитип базарга барат, ал жерден Ражабали Даругенин жанын алат. Ошентип, бул окуядан соң Хаж Сейид Хусейин долону Кандуу долон аталып калган.

Хутем ШиндлерОңдоо

Хутем Шиндлер 1949-жылы Тебриз жана андагы базар тууралуу мындай деп жазган: Шаар бир топ кеңдикте орун алгандыктанбы, айтоор ушундан улам Тегеран шаарынан маанилүү деп эсептелип калган. Шаардын базарлары Тегеран шаарынын базарларына караганда абдан кооз жана чоң. Тегеран шаары Тебриз шаарындагы жүргүзүлгөн соода сатыктан бир топ ылдый турат, ал чындыгында Ирандын соода сатык борбору атына ээ. Ал өлкөнүн түндүк батыш тарабына орун алганына карабай Ирандын баардык аймагына өз таасирин тийгизген.

Жан ЮнирОңдоо

Француз саякатчысы Жан Юнир Тебриз шаары тууралу төмөндөгүчө жазган: Өз заманында Тебриз шаары Тегеранга караганда бир топ жетишкен, заманбап шаар болгон, Тебриз эли байыркы замандарда, ал эмес Сефевиддердин дооруна чейин Европалыктар менен карым катнашта болушкан жана алар менен соода сатык жүргүзгөн. Ал заманда европалыктар өлкөнүн борбору Тегеран шаарын анча баалабай, ал жерде өз буюмдарын сатуудан баш тартышкан. Ушундай шарттардан улам Тебриз шаарында Дука, Венеция, Лир, Рубль акча бирдиктери Иран акча бирдигиндей орунда турган.

Ага Хан архитектуралык сыйлыгыОңдоо

Тебриз базарын жаңылоо долбору 2013-жылы Ага Хан архитектуралык сыйлыгы ыйгарылган беш долбордун бири катары тандалган. Бул сыйлык «Иран маданий мурастар уюмунун Чыгыш Азербайжан башкармалыгына» аталган долборду аткаруучу катары тапшырылган жана Мухаммад Бехешти Маданий мурастар уюмунун жетекчисинин кеңешчиси Иран өкүлү катары жогорку сыйлыкты алган.

ШилтемелерОңдоо

  • Editorial Board, East Azarbaijan Geography, Iranian Ministry of Education, 2000 Text Book in Persian
  • Тебриз базарынын маданий жана соода сатык географиясы, 133,132- беттер
  • Фарс маалымат борбору, «Жүрөктү эзген Тебриз шаары»
  • Тебриз базарынын маданий географиясы
  • «Тебриз» Ислам дүйнөсүнүн энциклопедиясы
  • Тебриз менин шаарым. Бехруз Хамачи
  • «Тебриз базарынын имараттары»
  • Тебриз базарынын маданий жана соода сатык географиясы, 135-бет
  • Тебриз базарынын маданий жана соода сатык географиясы, 134-бет
  • Ага Хан архитектуралык сыйлыгынын жеңүүчүлөрү

БулактарОңдоо

  • “Коомдук география”. Тебриз шаарынын географиялык маданияты. Алгачкы басылыш.
  • Мумени, Мустафа. «Тебриз» Ислам дүйнөсүнүн энциклопедиясы

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • Gregorian, Vartan (2003). The Road to Home: My Life and Times. New York: Simon & Schuster.
  • Levinson, David and Karen Christensen (2002). Encyclopedia of Modern Asia. New York: Scribner’s.
  • Swiętochowski, Thaddeus (1995). Russia and Azerbaijan: A Borderland in Transition. New York: Columbia University Press.
  • ЮНЕСКОнун расмий сайты, Тебриз базары
  • Тебриз базарынын сүрөттөрү
  • Тебриз базары менен таанышуу

https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%A8%D8%A7%D8%B2%D8%A7%D8%B1_%D8%AA%D8%A8%D8%B1%DB%8C%D8%B2 Маданият, архитектура