Тегене чопо кени Жалал-Абад облусунун Аксы районунда, Таш-Көмүр шаарынан 25 км түндүк тарапта, Атойнок кырка тоосунун түштүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1150 м бийиктикте. 1982–83-жылдары геол. чалгындоо жумуштары жүргүзүлгөн. Кен аймагын антропоген мезгилинде пайда болгон борпоң чөкмө тектер түзөт. Пайдалуу кумайлуу чопо катмары аллювий чөгүндүсүнөн пайда болгон. Үч участкадан турат (аралыктары 500 жана 1400 м). Калыңдыгы 20 мге чейин, линза түрүндө жатат. Биринчисинин аянты 120100 экинчисиники – 440160; үчүнчүсүнүкү –700180 м. Кумайлуу чоподон «75» жана «100» маркасындагы кирпич даярдалат. Запасы В+С2 категориясы боюнча 1154 миң м3, С2 – 439 миң м3. 1996-жылга карата калган запасы В – 447 миң м3, С1– 707 миң м3, В+С1–154 миң м3, С2–376 миң м3. Таш-Көмүр кирпич заводу пайдаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү