Тегеран конференциясы (1943)

Германия жана анын союздаштарына каршы маселенин стратегиясы боюнча Тегерандагы конференция

Тегеран конференциясы (1943)Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында союздаш үч өлкөнүн (СССР, АКШ, Улуу Британия) лидерлеринин биринчи конференциясы. 1943-ж. 28-ноябрдан 1-декабрга чейин Тегеранда өткөн. Конференцияга СССР Эл Комиссарлар Советинин (ЭКС) төрагасы И. В. Сталин, АКШнын президенти Ф. Д. Рузвельт, Улуу Британиянын премьер-министри У. Черчилл катышкан. Конференцияда негизги маселе катары экинчи фронтту ачуунун мезгили жана орду белгиленип, 1944-ж. майда Франциянын түндүгүндө десанттык операцияларды баштоо тууралуу чечим кабыл алынган. Иранга көз карандысыздыкты берүү жөнүндө маселе талкууланган. Польшага өз жерин кайтарып берүү жана анын батыш чек арасын белгилөө жөнүндөгү чечимдер ырасталган. Япониянын советтик чек араны бир нече жолу бузгандыгы эске алынып, фашисттик Германия толук талкаланган соң, СССР Японияга согуш ачарын билдирген. Конференцияда фашисттик Германияга каршы биргелешип согушуу, үч державанын согуштан кийинки кызматташтыгы жөнүндө Декларация кабыл алынып, тынчтыкты чындоо жана эл аралык коопсуздук маселелери боюнча алар бирдей көз карашка жетишишкен.

Тегеран конференциясы: Сталин, Рузвельт, Черчилл.

Колдонулган адабияттар түзөтүү