Тегеренмей
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө, сахнада өткөрүлөт.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар кичинекей тегерек жана ал тегеректин бир жагына кетчү 3—4 м. түз сызык сызылат. Андан кийин оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар кезектери келгенде, бирден тегерекке чыгышып бир жагын көздөй тегеренишет. Белгилүү жолу тегеренишип бүтүрүшкөндөн кийин, сызыкта түз басууга аракеттенишет. Андан кийин оюнчулар экинчи жагын көздөй тегеренишет. Ошентип оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланат. Тегеренип бүткөндөн кийин, сызыкта түз баскан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрү
түзөтүүШерик тегеретмей.
Оюндун эрежеси
түзөтүүТерекке жакын турууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, токтоп кайра аракеттенүүгө, тегеренүүнүн тездигин акырындатууга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда кыймыл» дары башкарууга, чыдамкайлыкка, коюлган максатка жетүү үчүн ынтыгууга үйрөтөт.