Тезекбай Түлкү уулу (болжолу 19-кылымдын ортосу–1918) – Кочкор өрөөнүндөгү белгилүү инсандардын бири, 1916-жылдагы көтөрүлүштө Кочкордун чыгыш аймагындагы көтөрүлүштүн жетекчиси. Ири манап тукумунан. Атасы Түлкү 1870-жылдарда түндүк кыргыздардан алгачкылардан болуп, Мекеге ажылыкка барган. Тезекбай Ныязбек, Борукчу болуштуктарында бир нече ирет болуш болуп шайланган. Айрым маалыматтар боюнча ал динди окутууга баа берген, балдарды окутууга аракет жасап, там салдырып, бак тиктирген. Орус бийликтеринин талабы боюнча Анжиян көтөрүлүшүн (1898) басууга Тезекбай айрым кыргыз төбөлдөрүнүн катарында, өзү жетектеген аскери менен катышкан. 1916-жылдагы көтөрүлүштө орус жазалоочу аскеринен качып, эли менен кытай жергесине өтүп кеткен. 1917-ж. Ата Мекенине кайтып келген, 1918-ж. көтөрүлүштүн жетекчилеринин бири катары Токмоктогу Шордөбөдө орустар тарабынан атып өлтүрүлгөн. Тезекбайдын тамы совет мезгилинин алгачкы жылдарында биринчи мектеп катары пайдаланылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз тарыхынын энциклопедиясы Бишкек,2003