Тезек Төр мөңгүсүКыргыз Алатоосунун түн. капталындагы чуңкурчак тибиндеги мөңгү.

Уз. 3,3 км, аянты 5,7 км2. Шамшы суусунун жогорку агымы Чоңтөрдүн башында жайгашкан. Башы деңиз деңг. 4260 м, этеги 3420 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3840 м, абляция облусунун аянты 1,9 км2. Мөңгүдөн Тезектөр өзөнү башталып, Шамшы суусунун сол куймасы Туюкка куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2