Тейлериоз – малдын Theileria annulata жөнөкөйлөрү пайда кылуучу катуу кармоочу же өнөкөт өтүүчү ылаңы. Ылаңдаган уйдун сүттүүлүгү 60-70% төмөндөйт, 60% и өлүмгө чалдыгышы ыктымал. Козгогучу (тейлериялар) ылаңдын башталышында лимфа түйүндөрүндө чогулат. Тейлериялар кене чакканда, анын шилекейи менен организмге кирет. Ылаңдын букма (жашыруун) мезгили 6-12 күнгө, кээде андан узак. Козгогуч жукканда нерв, кан тамыр, ретикуло-эндотелий жана кан иштеп чыгуучу системалардын функциясы өзгөрүлөт, лимфаденит пайда болот. Дартка чалдыккан малдын дене температурасы 41-42°Сге чейин көтөрүлөт. Ылаңга чалдыккан уй кепшебейт, былжыр челдери гиперемия болот, кээде кубарат же саргаят. Ылаң мал көбүнчө башын бир жагына кыйшайтып жатат, бооз уйлар музоо салышы мүмкүндүк Тез арыктайт. Ылаңдаган мал көлөкөдө кармалып, тынчтантып, аш болумдуу жеңил көк чөп, концентрацияланган (улпак, кошмо жем) сиңимдүү сапаттуу тоют берилет. Күнүгө жаңы саалган сүттөн үч маал 2-3 лден же көк сүт берген жакшы. Хиноцид, бигумаль, беренил, азидин, хлордуу натрий, сульфадимезин, аскорбин кислотасы, окситетрациклин, террамицин сыяктуу дары-дармектер атайын схема менен сунуш кылынат. Алдын алууда кышында малды сапаттуу тоют менен багуу, эгилме жайыттарды көбөйтүү, мүмкүн болушунча байлап багууну уюштуруу зарыл. Кенеге каршы атайын иш-чаралар жүргүзүлүүгө тийиш. Ылаңга каршы атайын вакцинаны малдын массасына жана жашына карабастан тери астына 1 мл күзүндө же кышында куят. Эмделген музоодо иммунитет 30-35 күндөн кийин пайда болуп, 2 жылга таасири болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү