Тейлор (Taylor) Фредерик Уинслоу (1856-1915) - эмгектин интенсивдүүлүгүн (ургаалдуулугун) максималдуу жогорулатуу жолу менен пайданы алуу максатында өндүрүштү уюштуруу тутумун сунуш кылган америкалык инженер.

Эмгекти тереңдете бөлүштүрүүгө, эмгек кыймылдарын ургаалдаштырууга негизделген. Тейлордун тутуму эмгекти тереңдеп бөлүштүрүүгө, эмгек кыймылдарын ургаалдаштырууга негизделгендиги менен бөтөнчөлөнөт. Тейлор оригиналдуу ыкманы иштеп чыккан; ал ыкма боюнча жумуштун ар түрү үчүн, хронометраждын жардамы менен ар бир операция жана жумушчу кыймылын тыкандык менен изилдөө үчүн берилген жумушту аткаруунун өтө ургаалдуу ыкмасы аныкталып белгиленген. Тапшырманын жалпы көлөмү өтө майда операцияларга бөлүштүрүлүп, алардын ар бирин мүмкүн болушунча ар кайсы адам аткарууга тийиш болгон. Мында каталыктардын, жайыраактардын, пайдасыз кыймылдардын баарысы четтетилген, бир кыйла ылдамыраактары, өркүндөтүлгөндөрү (жеткилеңдери) тандалып алынган.

Операциялардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн чыгаан күчтүүлөрү, ыкчамдуулары, шамдагайлары жана уздар, чебер жумушчулар дайындалган. Алардын иштеп чыккандарынын, хронометражда элементке ажыратып, аныкталып белгиленгендеринин көрсөткүчтөрү, кийин бүт бардык жумушчулар үчүн милдеттүү түрдө норма катары белгиленген. Ошондой эле шексиз болчу өндүрүш чыгымдары, өргүүлөр үчүн зарыл болгон минималдуу убакыт да эсептелип чыгарылган. Бул цех деңгээлинде уюштуруучулук структураны түзүүнүн функционалдуу тажрыйбасы деп аталгандын эң алгачкысы болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8