Текелик суусу, Ат-Башы району

Текелик суусу, Ат-Башы районуАт-Башы районундагы суу. Ак-Сайдын оң куймасы. Узундугу 50 км, алабынын аянты 213 км2. Какшаал тоо тизмегинин түндүк капталындагы Ор-Казган ашуусунан башталган суу, түндүккө карай жайык өрөөн менен агып, Ак-Сай өрөөнүнө чыкканда суусу жерге сиңип, жер асты менен Ак-Сайга кошулат. Негизинен кар жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 1,1-1,3 м3/сек; эң көп чыгымы июль – августта, азы февралда байкалат. Апрель – сентябрда кирип, октябрь – мартта тартылат. Текеликтин 21 куймасы бар; ирилери: Туура-Ашуу, Орто-Суу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү