Текенов, Шамшы (1936, Жалал-Абад облусу, Сузак р-ну, Сарыбулак кыштагы) – геолог, Кыргыз Республикасынын геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1993) Фрунзе политехника ин-тун бүткөн (1959). Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясынын партияларында улук коллектор, геолог, улук геолог, начальник, экспедициянын геол. бөлүмүнүн начальниги, экспедициянын начальнигинин орун басары (1959–82), Чаткал геол. экспедициясынын начальниги (1982–87), Кыргыз ССР геология башкармалыгынын начальнигинин орун басары – башкы инженери (1987-89), «Кыргызгеология» өндүрүштүк бирикмесинин Генералдык директору (1989-92), Кыргыз Республикасынын мамлекеттик геология комитетинин төрагасы (1992-95). Эмгек Кызыл Туу (1986), “Ардак Белгиси” (1976) ордендери, медалдар менен сыйланган. «Жер казынасынын Ардактуу чалгындоочусу» (1988), деген ардактуу наам берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү