Текесекирик, үңкүр – Нарын шаарынын чыгыш тарабындагы Нарын дарыясынын сол өйүзүндөгү неолит дооруна таандык таш куралдар үңкүрү. Үңкүрдөн диска сымал нуклеус (таштын чордонунан жасалган курал), микролиттик куралдар табылган. Археолог А. Н. Бернштам тарабынан чалгындоо иштери жүргүзүлүп, мезолит, неолит доорлоруна тиешелүү экендиги аныкталган. Кийин жол куруу учурунда бузулуп, түп орду менен талкаланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.