Текечер
Текечер (латынча Capricornus) – зодиак топ жылдыздарынын бири. Ал асмандын түштүк жарым шарында Суу куйгуч Жаачы топ жылдыздарынын арасында жайгашкан. Гректердин кудайы Пандын – Дионистин жандоочусунун урматынан аталган: ал мүйүздүү текечер сымал болгон. КМШ өлкөлөрүнүн аймагында жай жана күз мезгилинде көрүнөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9