Тектирдүүлүк - өсүмдүктөр жамаатташтыгынын же фитоценоздогу түрлөрдүн бийиктигине жараша бир нече катмарга айырмаланышы.

Тектирдүүлүк - өсүмдүк жамаатташтыгынып мүнөздүү белгилеринин бири. Ал айрыкча ар түрдүү өсүмдүктөн турган токойдо жакшы байкалат. Токойдун бир же бир нече катмарын дарактар, кийинкисин - бадалдар, андан темен чөп өсүмдүктөр, эң төмөнкү катмарын мамык чептер жана эдилчектер түзөт. Шалбааларда, саздарда, башка айрым жамаатташтыкта Тектирдүүлүк анча байкалбайт.

Эгер фитоденоздо өсүмдүктөр бири биринен айырмаланса, анын эң жогорку катмары биринчи, андан кийинкилери экинчи, үчүнчү ж. б. болуп бөлүнөт. Тектирдүүлүк өсүмдүк жамаатташтыгынын түзүлүшүн, турушун белгилейт. Эгер тектирлери көп болсо, татаал, аз болсо жөнөкөй фитоценоз деп аталат. Өтө татаал түзүлүштөгү Тектирдүүлүкке тропик токойлору, жөнөкөй Тектирдүүлүккө бир түрдөн турган камыш, жекен, өлөң- жамаатташтыгы мисал болот. Ценоздогу өсүмдүктөрдүн Тектирдүүлүгү бири бирине тыгыз байланыштуу. Өсүмдүктөр жамаатташтыгынын Тектирдүүлүгү жер үстүнө гана эмес, топуракта да байкалат. Дарак өсүмдүктөрдүн тамырлары эң терец, бадалдардыкы андан берирээк, мамык чөптөрдүн ризоиддери жер үстүндө жайгашат. Тектирдүүлүк өсүмдүк жамаатташтыгынын өөрчүшүнүн узак тарыхы жана анын тирнчилик формаларынын эволюдиясы менен тыгыз байланышта.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.