Тектоникалык карталартектоникалык кыймылдардын тарыхын жана жер кыртышынын түзүлүшүн чагылдырат. Тектоникалык карталарда табигый структуралык-формациялык бирдиктер көрсөтүлсө тектоникалык райондоштуруу картасы, стратоизогипстин жардамы менен структуралык формаларын чагылдырса структуралык карта, акыркы 40 млн жылдагы тектоникалык өнүгүүнү чагылдырууда неотектоникалык карта жана вертикалдык, горизонталдык кыймылдарды сүрөттөөдө актуотектоникалык карталар колдонулат. Кичине масштабдагы карталарда – платформалар, калкандар, плиталар, ал эми ири масштабдарда - бүктөлүүлөр, жарылуулар, ийилүүлөр, грабендер ж. б. чагылдырылат. 1953-ж. россиялык окумуштуу Н. С. Шатский «СССРдин жана ага чектеш мамлекеттердин тектоникалык картасын» түзсө, 1964-ж. анын негизинде «Европанын эл аралык тектоникалык картасы» түзүлгөн. 1988-ж. ири масштабдагы (1: 250 000) «СССРдин геодинамикалык картасы» түзүлгөн.

Тектоникалык карта.

Колдонулган адабияттар түзөтүү