Тектоникалык кыймылдар – литосфера менен Жер мантиясындагы күчтөрдүн таасиринен жер кыртышында пайда болгон механикалык жылышуулар. Тектоникалык кыймылдардан жер кыртышындагы тоо тектер деформацияланат, химиялык жана минералдык курамы, ички түзүлүшү өзгөрүүгө учурайт. Кыймылдын ылдамдыгы жылына жүздүн бир үлүшүнөн ондогон ммге жетип, өтө узакка (млн жылдар) созулган аракеттердин натыйжасында жер кыртышында орчундуу жылышууларга алып келет. Немец геологу X. Штиле Тектоникалык кыймылдар эпейрогендик жана орогендик кыймылдарга бөлүнөөрүн аныктаган. Жер бетинин ири аянтынын узак убакытта тынымсыз көтөрүлүшү жана төмөн чөгүшү эпейрогендик, бир эле тилкеде бүктөлүүлөр менен жаракаларды, тоолорду пайда кылган Тектоникалык кыймылдарды орогендик кыймылдар деп атаган. Бирок, бул жиктелиштин эң орчунду жетишпеген жагы - бүктөлүүнү, жаракаланууну жана тоолорду пайда кылуучу кыймылды бир гана орогендик кыймыл деп аташында. Айрым окумуштуулар (А. П. Карпинский, М. М. Тетяев) термелүү бүктөлүнгүн жана жарака кетүүчү кыймылды өзүнчө бөлүү маселесин карашкан. Ал эми, немец геологу Э. Харман жана голландиялык илимпоз Р. В. Ван Беммелен ундациялык (толкун) деп бөлүүнү сунуш кылган. Тектоникалык кыймылдарды эндоген жана экзоген процесстеринин айрым принциптери боюнча М. В. Ломоносов жай жана ылдам деп бөлгөн. Ылдам кыймылдар дайыма жер титирөө менен байланыштуу. Ошондой эле вертикалдуу жана горизонталдуу Тектоникалык кыймылдар деп бөлүү да ынгайлуу. Вертикалдуу кыймылдар ойдуңдарды жана көтөрүүлөрдү пайда кылат. Горизонталдуу кыймылдар жер кыртышынын сыныктарын бири биринен алыстатып, амплитудасы жүздөгөн, кээде миңдеген кмге жеткен (үстүнө, астына, кыйгач, жанаша ж. б.) жылышууларды пайда кылат. Өз багытын өзгөртүп турган тик кыймылдар термелүүчү кыймылдар деп аталат. Алар менен деңиздин трангрессиясы жана регрессиясы байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү