Тектонофизика – тектониканын бир тармагы; жер кыртышында тектоникалык кыймылдардын физикалык шарттарын, өзгөрүшүн, башка түргө өтүшүн, кыймылдардын пайда болуу шартын, катмарлардын бүктөлүү жана жарылуу себептерин изилдейт. Анткени, жер катмарын түзүүчү тоо тектердин физикалык, механикалык, динамикалык касиеттери катуу заттардын физикалык закондоруна баш ийет. Ошого жараша реология, катуу заттардын физикасы, гидродинамика сыяктуу илимдер айрым физикалык жана геологиялык маселелерди биргелешип чечет. Тектонофизика кээде геомеханика деп да аталат. Терминди 1954-ж. советтик геологдор В. В. Белоусов менен М. В. Гзовский киргизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү