Телеграфия - илим менен техниканын телеграф байланышын түзүү принциптерин, телеграф сигналдарын берүү жолдорун жана аларды жүзөгө ашыруучу аппаратураны шптеп чыгуу, телеграф каналдары аркылуу маалыматтын берилүү санатын изилдөөчү тармагы.

Негизги милдетине карата телеграф коду, телеграф аппаратурасы, телеграф каналы, телеграф тармагынан түзүлөт. Телеграфияда кабар берүүнүн санатын жогорулатуу үчүн телеграф сигналдарынын бурмаланышы, апын закон ченеми жана себеби, маалымат берүүдө каталардын пайда болушу жана аларды жоюу жолдору изилденет.

Телеграфиянын байланыштын башка түрүнөн айырмасы - анда символдордун - тамгалардын, цифралардын жана тыныш белгилеринин чектүү сандарынан түзүлгөн дискреттик маалыматтар бергенинде. Маалымат бериле турган сигналдар да дискреттүү болот. Телеграфиянын теориялык базасы - байланыштын жалпы теориясы, информация теориясы жана кедергиге туруктуулук теориясы. Телеграфияда ыктымалдык теориясы жана Буль алгебрасы колдонулат. Телеграфиянын өзгөчө багыты - фототелеграфия.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.