Телемеханика (теле... жана механика)- илим менен техниканын аралыктан башкаруу жана текшерүү максатында сигналды берүү, кабыл алуу методдорун изилдөөчү жана тех. каражаттарын түзүүчү тармагы.

Телемеханика информацияны аралыктан берүүчү башка тармактардан (телефония, телеграфия, телекөрсөтүүдөн): эң жай өзгөрүүчү чоңдуктарды берүү, өлчөнүүчү чоңдуктарды жогорку тактыкта берүү (0,1 % ке чейин), сигналдарды кечиктирбей берүү, башкаруу командаларын берүүнүн эң ишенимдүүлүгү, информацияны топтоо жана пайдалануу процесстерин автоматташтыруу, информацияны иштетүүнү борборлоштуруу сыяктуу өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.