Телибай тентек - кыргыздын «Телибай Тентек» аттуу элдик жомогунун баш каарманы; ошол жомок каарманындай кылык-жоруктуу, жүрүш-туруштуу кишилерге карата айтылчу ылакап ат.

Телибай - Дадаңбай деген байдын баласы. Ал акылсыз, зөөкүр болгондуктан башынан мыскылдуу окуяларды өткөрөт; атасынын мал-мулкун бут жок кылып, аягында өзу өлүмгө учурайт. Тоголок Молдо «Телибай Тентек» жомогунун негизинде поэма жазган. Анда да Телибай акылынын жоктугунан кыпкызыл ысыган ташты «алтын» деп, кучактап кармайт да, ошондон күйүп өлөт. Тоголок Молдо поэмасынын аягын: «күйүп жатып жан берди, акмакты мындай ким көрдү?» деген жыйынтык менен бүтүрөт.

Жомокто да, поэмада да Телибай тентектин образы аркылуу бай-манаптын акылсыз балдары мыскылданат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.