Телязиоз – малдын гельминттүү ылаңы. Адам да ооруйт. Ылаңды жумуру курттар (телязия) пайда кылат. Алардын үч түрү белгилүү: Thelazia rhodesi көз чанагында мителейт, T.gulosa жана T.skrjabini – көздүн жаш чыгаруучу түтүктөрүндө болот. Алар узундугу 1-2 см келген майда нематодалар. Бодо малга ылаңды негизинен чымындар жуктурат. Клиникалык белгилери көздүн сезгенүүсү менен башталат, ылаңга чалдыккан жаныбарлар жарыктан качат, көзүнөн жаш агат. Кийинчерээк ылаң оорлошуп, малдын көзүнөн саргыч түстөгү былжыр ирин аралаш суюктук ага баштайт, чел кабыгы көөп, көзү тунарып, көздүн кареги жараланат, кээде мал сокур болуп калышы да мүмкүн жана алардын кунардуулугу төмөндөйт. Дарылоо жана алдын алуу чымындарга каршы иш-чараларды уюштурууга багытталат. Малдын көзүн иоддун суудагы эритмеси, 2-3% түү бор кислотасы, ошондой эле балык майына даярдалган 2-3% түү лизолдун жана 3%түү ихтиолдун эмульсиялары менен дарылайт. Ылаң ырбап кеткенде пенициллин, сульфаниламид дарыдармектери колдонулат. Алдын алуу үчүн эң оболу чымынды жок кылуу зарыл. Ошол максатта уйларга эртең мененки саандан кийин инсектидиддер чачылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү